Diamond Princess саякат кемесиндеги кыргызстандык Бишкекке келди

238

Бүгүн 9-мартта Diamond Princess саякат кемесинде калган кыргызстандык Бишкекке келди. Бул туурасында саламаттык сактоо министрлигинен билдирди.

Ал учуп келери менен карантинге алынды. Анын абалы канааттандырарлык. Андан кайрадан коронавируска карата анализ алынып, учурда текшерип жатышат. КР саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген алгоритмге ылайык, чет өлкөдөн келген жарандар 14 күн обсервацияга жаткырылат.

Эске салсак, кемедеги кыргызстандык 15-февралда Токиодогу Аскер госпиталына жаткырылган, ал жакта 15-29-февралга чейин болгон. Андан бир нече жолу анализ алынып, коронавирус жуктурбаганы аныкталган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь