АКШ Ооганстандан аскерлерин чыгарып кетүүдө

120

АКШ менен “Талибан” кыйлмылынын тынчтык келишимине ылайык америкалык аскерлер Ооганстандан чыгарыла баштады. Бул тууралуу AFP  Пентагондун расмий билдирүүсүнө таянып жазды.

АКШ менен Ооганстандын бирдиктүү декларациясына жана ошондой эле АКШ менен “Талибандын” келишимине ылайык, Америка Кошмо Штаттарынын куралдуу күчтөрүнүн саны 135 күндүн ичинде 8600гө кыскарды“,- деп айтылат билдирүүдө.

Ооганстандын президенти Ашраф Гани ушул жумада камактагы 1 миң талибанды бошотуу тууралуу жарлык даярдап жатканын Reuters өздүк булактарына таянып жазды.

“Талибанда” 5 миңге чейин туткунду боштууну талап кылышууда.

АКШ жана “Талибан” 29-февралда Ооганстанда тынчтык процессин баштоо  келишимине кол коюшкан.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь