Ата-энесинен айрылып, өзү бычак жеген 9 жашар балага памперс керектелүүдө

2 533

Бишкекте мыкаачылык менен өлтүрүлгөн окуяда жарадар болгон 9 жашар балага памперс керектелүүдө. Бул тууралуу балдардын укугун коргогон Назгүл Турдубекова Facebook баракчасына жазды.

Бардык кайдыгер эмес жарандар Элсом номери аркылуу акча которсо болот же коомдук фондго жеткирип бере алат.

Сурап билүү телефону: 0702 21 41 41

Элсом: 0771 45 44 45 (Гүлжан)

Эске салсак, 6-мартта шаардагы 5-кичи райондо үй-бүлөлүк чырдан улам күйөөсү аялына бычак сайып өлтүрүп, өзү асынып алган. Ошондой эле өгөй уулуна дагы бычак шилтеп, бактыга жараша ал аман калган.

Учурда 9 жашар бала оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ал эсине келип, сүйлөп калды.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь