Баткенде 46 даана жол тейлөө техникасы берилди (сүрөт)

1 265

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-мартта, Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Дүйнөлүк банктын көмөгү менен «Борбордук Азиядагы жол катнаштарын жакшыртуу программасы» долбоорунун алкагында өткөрүлүп берилген жол тейлөө техникаларын көрүп чыкты.

Сооронбай Жээнбеков Дүйнөлүк банкка аталган долбоорду ишке ашырууга көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди. Жол тейлөө тармагына жалпы баасы 3 млн АКШ доллар суммасындагы 46 даана жол тейлөө техникасы берилди.

Жол инфраструктурасын жакшыртуу, автожолдорду куруу жана реконструкциялоо өлкө аймактарын өнүктүрүүнүн ажырагыс бир бөлүгү болуп саналаары белгиленди.

Президент Сооронбай Жээнбеков транспорт түйүндөрүн модернизациялоо аймактардын экономикалык потенциалынын ачылышына шарттарды түзөөрүн кошумчалады.

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь