Коронавирустан коргоном деп метил спиртин ичкен 7 адам каза болуп, төртөөнүн көзү көрбөй калды

278

Ирандын Авхаз шаарында коронавирустан коргонуу максатында метил спиртин ичип алган 7 адам каза таап, 4 адамдын көздөрү көрбөй калды. Бардыгы болуп 48 адам ууланганын IRNA басылмасы жазды.

“Социалдык тармактарда спирт коронавирустун жугуп калышынан сактайт деген маалымат таркаган. Ага ишенип алган жарандар метил спиртин колдонушкан“ деп билдирет прокуратуранын кызматкерлери.

Эске сала кетсек Иранда 6566 адам вирус жуктурган, анын ичинен 2134 оорудан айыга алышса, 194ү каза болду.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь