“Кылмыш менен жан багууга үйрөнүп калыптырмын” Мечиттерде гана уурулук кылган

312
Ош шаарынын А.Навои көчөсүндө жайгашкан мечит алдынан мурда издөөдө жүргөн Ош облусунун Өзгөн шаарынын тургуну 1991-жылы туулган О. О. кармалды.  Бул тууралуу Ош ШИИБнен билдирди.
“Ош шаарынын милициясы бул жигиттин фото-роботун түзүп, бир айдан бери издөөгө алып, шаардагы бардык мечиттерге милиция кызматкерлерин бөлүп койгон эле. Буга чейин бул жигиттин үстүнөн шаар аймагындагы мечитке барып буюмдарын, акчаларын жана баалуу кийимдерин уурдатышкан 9 арыз түшкөн болчу”, -дейт Замир Сыдыков. 
Кармалган О.О., Өзгөн шаарынын тургуну. Үй бүлөсү, ата-энеси жок. Жаза аткаруу мекемесинен 2019-жылдын сентябрында тоноо жана жаза өтөө мекемесинен качуу беренелери боюнча жазасын өтөп келген.
Өзүнүн айтуусуна караганда мечиттерден гана уурулук жасоого өткөн. Ал Ош шаарында жашап Жалал-Абад, Өзгөн шаарларына, Кочкор-Ата шаарчасына, Базар-Коргон, Сузак, Ноокен райондоруна барып мечиттерден уурулук кылып келип, аларды сатып тиричилигин өткөрүп тургандыгын моюнуна алган.
Шектүү мечитке намаз окуганы келишип, даарат алуу үчүн кийимдерин чечип дааратканага кирип кеткен учурда ал кийимдердин чөнтөктөрүнөн баалуу буюмдарын, акчаларын жана баалуу болсо-кийимин дагы уурдап турган.
Шектүү О.О. кармалган учурда, аймактык тескөөчүлөргө өз көрсөтмөсүндө: «мен эртеби кечпи кармалаарымды билип жүргөмүн. Тилекке каршы кылмыш менен жан багууга үйрөнүп калыптырмын. Курулушта 2 ай иштеп чыдай албадым. Оор жумуш иштөө-мен үчүн эмес экен. Камалсам деле мейли, мен абак жашоосуна көнүп калыптырмын» деп көрсөтмө берген.
Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, Ош шаардык соту 2 айга камакта кармоо боюнча санкция берди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь