Кырсыкка учураган Малайзиянын “Боинг” учагына байланыштуу сот өкүм чыгарды

128

2014-жылы 17-июлда Донбасс асманында жарылган Малайзиянын “Боинг” учагына байланыштуу сот процессинде прокурор айыптоо корутундусун жарыялады. Бул иш боюнча сот 9-мартта Нидерландияда башталган.

Учак кырсыгын иликтөө жүргүзгөн эл аралык тергөө тобу “учакты Россия аскердик бөлүмүнөн Украинанын чыгышына кирген “Бук” замбиреги менен атып кулаткан деген жыйынтыкка келген болчу. Ушуга байланыштуу Россия федерациясынын үч жараны- Игорь Гиркин (Стрелков), Сергей Дубинский, Олег Пулатовго жана Украинанын бир жараны Леонид Харченкого айып тагылган. Алардын бардыгын “Россиянын колдоосу менен Украина армиясына каршы күрөш жүргүзгөн Донбасстдагы  сепаратистер менен байланышы бар” деген жыйынтык чыгарылган. Учак кырсыкка учураган учурда Стрелков сепаратисттер күчтөрүнүн башчысы болгон, ага баш ийген Дубинский чалгындоону башкарган. Ал Пулатов менен Харченко замбиректи Донбасска алып келгендер катарында деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары тагылган айыпты моюнуна албаган айыпталуучулар сот ишине келген жок. Бир гана Олег Пулатовдун эки адвокаты ишке катышып жатат.

Эске салсак, Малайзиянын кырсыкка учураган “Боинг” учагында 298 адам каза болгон. Алардын басымдуу бөлүгү Нидерландиянын жарандары. Андыктан Нидерландия менен Австралия мамлекеттери Россия федерациясын күнөөсүн моюнуна алуусун талап кылышкан, бирок Москва аны четке каккан. Соттун айтымында, сот иши 2021-жылга чейин созулушу мүмкүн.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь