Миллиондон ашык медициналык беткапты мыйзамсыз ташып бараткандар кармалды

254

Азербайжандын бийлиги чек арадан миллиондон ашык медициналык беткапты, мыйзамсыз алып чыкмак болгон жарандарды колго түшүрдү. Курамында жергиликтүү жарандар менен кошо Иран жана Кытай жарандары бар бир нече топ ашкереленгени маалымдалды. Бийлик алардын мыйзамсыз беткаптарын тартып алды.

Дүйнөдө коронавирустун жайылышына байланыштуу көптөгөн элде жугуштуу дартка каршы колдонулуучу медициналык буюмдар тартыш болууда. Өткөн жылы декабрда алгач ирет коронавирус катталган Кытайда 80 миңден ашык адам вирус жуктуруп, 3100ү каза болду.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь