Өгөй атасынан бычак жеген 9 жаштагы баланы туугандары камкордукка алышат

240

9 жаштагы бычакталган баланы туугандары камкордукка алат. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына “Балдардын укугун коргоочулар лигасынын” башчысы Назгүл Турдубекова билдирди.

Уюм баланын туугандары менен кабарлашканда баланы тайата, тайэнелери камкордукка алышарын айтышкан. Камкордукка алган үй-бүлө материалдык жактан ага кам көрө алышат.

Бул күнгө чейинки күндөрү туугандары баланын ата-энесин акыркы сапарга узатуу зыйнаты менен бошобой жатышкан. Баланын тайатасы бардык кайдыгер карабаган жарандарга ыраазычылык билдирет.

Эске сала кетсек, 6-март күнү 5-кичи районунда эркек киши аялын бычактап, баласын жабыркатып өзү асынып калган. Кийинчерээк белгилүү болгондой ал баланын өгөй атасы болгон.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь