12 жаштагы баланы сүзүп кеткен айдоочу кармалды

173

Маалыматка ылайык, кырсык 2-мартта болжол менен саат 11:30дар чамасында Садырбаев жана Семетей көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Анда белгисиз айдоочу 2008-жылы туулган А.Б. аттуу өспүрүмдү сүзүп, кырсык болгон жерден кетип калган. Ал эми жабыркаган жөө жүргүнчү №3 балдар ооруканасына кайрылган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Милиция тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-аракетинин натыйжасында 7-мартта “Мазда” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу 1965-жылы туулган Э.Т. аттуу жаран кармалып, Бишкек шаардык милициясынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь