22 жаштагы кыз жигити таштап кеткендиктен эгиз уулдарын муунтуп өлтүргөн

480

Өзбекстандын Жизак областындагы Дустлик районунда жаңы төрөлгөн эгиз эркек балдардын денеси табылды. Бул тууралуу аталган райондун ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Жергиликтүү жашоочунун айтымында, ымыркайлардын денеси желим баштыкка оролуп каптын ичине салынган. Аларды «Околтин остонаси курки» деген дыйканчылыкка берилген аймактагы арыктын жээгинен таап алган.

Экспертиза көрсөткөндөй эгиз ымыркайлар ара төрөлгөн, алар бойго бүтүүнүн 20-21 жумасында гана жарык дүйнөгө келишкен.

Таштап кеткен эне 1998-жылы туулган ошол аймактын тургуну Г.Х. экени аныкталды.

Маалым болгондой кызды сүйгөн жигити таштап кеткендиктен, ал ымыркайларын муунтуп өлтүргөн.

Териштирүү иштери уланууда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь