АКШ өкмөтү Кыргызстанга коронавирус эпидемиясына даярдык үчүн тиешелүү жабдуу берди (сүрөт)

205

Бүгүн АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) жана Эла аралык саламаттыкты сактоо уюму Саламаттыкты сактоо министрлигине медикалык коргонуу жабдыктарын тапшырды. Бул жабдык Кыргызстанга жаңы COVID-19 инфекциалык оруусунун (коронавирустун) таралуу кырдаалына даярдыкта көмөк көрсөтүү үчүн берилди.

АКШ өкмөтү АКШнын эл аралык өнүктүрүу боюнча агенттиги (USAID) аркылуу, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен өнөктөштүктө 10 миң хирургиялык костюм, 10 миң мээлей, 200 коргоочу көз айнек жана 200 N95 респиратор тапшырды. Булар Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Дубай шаарындагы атайын логистикалык борборуна жеткирилди.

Берилген жабдуу – 100дөн ашык өлкөдө катталган корнавирустун таралышына каршы күрөштөгү АКШ Өкмөтүнүн алгачкы кадамдары. Бул жабдуудан тышкары, 3-мартта АКШ Өкмөтү бул вирус менен алышууга 37 миллион АКШ долларын бөлгөнүн жарыялады. Бул каражат 25 мамлекетте, анын ичинде Кыргызстанда, эпидемиянын таралышын токтотууга көмөк көрсөтүүгө багытталат.

Бул жабдык өлкө боюнча медицина кызматкерлерине жана башка тиешелүү жактарга потенциалдык орулууларга бат жана коопсуз жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Жабдык Кыргыз Республикасынын жаңы коронавирустун пайда болушуна даярдык көрүү аракеттеринин алкагында кайрылуусунун негизинде берилип жатат. Кыргыз Республикасынын санитардык жана эпидемиологиялык кызматы бул жабдыкты тиешелүү медициналык мекемелерге таратат.

Бул ыкчам жардамдан тышкары, АКШ, ДССУ жана башка өнкөтөштөр COVID-19 вирусуна каршы күрөштө дагы башка иш-аракеттерди жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жарандары менен кызматташып келет.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь