Англияда акчага өз ыктыяры менен коронавирусту жуктура турчулар изделүүдө

238

Улуу Британиянын окумуштуулары коронавирусту өз ыктыяры менен жуктурууга даяр болгон адамдарга 3,5 миң доллар төлөп берет. Бул вакцина иштеп чыгууга керек экенин «The Daily Mail» басылмасы жазды.

«Queen Mary BioEnterprises» аталышындагы инновациялык борбор изилдөө жүргүзүүгө 24 адам издеп жатат. Аларга анча күчтүү эмес вирустун штаммы (0C43 менен 229E) сайылып, 2 жумага карантинге алынат.

Акыркы маалыматтар боюнча, өлкөдө вирусту 373 адам жуктурса, 6 адам каза болгон.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь