Жогорку Кеңеште депутаттардын коронавирус жуктуруп алуу коркунучу айтылды

185

Депутат Дастан Бекешов кыргыз депутаттарынын чет өлкөгө жасаган иш сапарын токтотуу сунушун киргизди. Мунун себебин дүйнөгө кулачын жайып жаткан коронавируска байланыштырып, кесиптештеринин саламаттыгына тынчсызданды.

“Азыр 112ден ашуун өлкөдө коронавирус катталганы айтылды, Франция, Ирандын депутаттары коронавирусту бири-биринен жугузуп жатышат. Биздин депутаттар ошого карабастан иш сапарга чыгууда, сиз тыюуну салбайсызбы. Биякка келсе болбойт го“,- деп кооптонгон эл өкүлү ЖК төрагасы Дастанбек Жумабековго кайрылып, бул боюнча атайын буйрук чыгаруусун суранды.

Бекешов Германияда жүргөн айрым эл өкүлдөрүн мисалга алып, алар кайтып келгенде же карантинге алынсын деген талабын койду.

Дастанбек Жумабеков коронавируска байланыштуу Жогорку Кеңешке сырттан келгендерди кабыл алуу убактылуу чектелгенин баса белгиледи. Ошондой эле парламент тарабынан депутаттарды командировкага жиберүү токтотулганын, ал эми айрым эл өкүлдөрү өз демилгеси менен ишине байланыштуу чыгып жатканын айтты.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь