Мамкаттоонун кызматкери мас болуп, имаратка “бомба коюлду” деп коркуткан

219

10-мартта УКМКнын Ош облусундагы башкармалыгына Кара-Суу районундагы РЭСтин имаратына бомба коюлду деген маалымат түшкөн.

Айтылган жерге дароо УКМК жана ИИМдин кызматкерлери чыгып, РЭСтин кызматкерлери имараттан чыгарылган. Ал эми аймак курчоого алынган.

Имаратка кароо жүргүзгөндө эч кандай жардыруучу зат же шек жараткан буюм табылган эмес.

Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында Кара-Суу районунун тургуну 1969-жылы туулан Э.К. кармалды. Ал аталган раойндун мамлекеттик каттоо кызматында иштээри аныкталды. Кармалган жаран өтө мас абалда жалган билдирүү жасаган.

Бул факт боюнча материалдар КЖБРге каттоого алынып, тергөө уланууда.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь