Сабалган киши ооруканадан көз жумду. Милиция ооруканага жеткирип келгендерди издөөдө (ВИДЕО)

645

Бишкектеги ооруканага жаракат менен жеткирилген эркек киши каза болуп калды. Аны ооруканага жеткирген 2 эркек кишини милиция издөөгө алды.

6-мартта саат 01:20 чамасында Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборундагы дарыгерлер милицияга кабар берген. Алардын малыматы боюнча, 30-36 жаштар чамасындагы 2 эркек киши 1964-жылы туулган Н.С. атуу эркек кишини ооруканага жеткиришкен. Кабыргалары сынган адам мас абалда болчу. Ал оорукананын жандандыруу бөлүмүндө көз жумган.

Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “ден соолукка оор жаракат келтирүү”  беренеси менен катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Милиция кызматкерлери видеодогу жарандар тууралуу маалыматы бар жарандарды байланышууга чакырат. Телефон: 0(552)102-542, 0(999)102-004, 0(555)102-695 жана «102» кызматы.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь