Садыр Жапаровду колдоо митингинен кармалгандардын бири психикалык оорукчан

200

Экс-депутат Садыр Жапаровду колдоо митингинде кармалган катышуучулардын бири психиатриялык каттоодо турат. Бул тууралуу анын жакындары билдирди.

Такталгандай, жаш жигит 29-февралда үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Жакын туугандары аны издеп, бирок таппай коюшкан.

Кийин туугандары интернет аркылуу Бишкектеги митингди көрүп отуруп, видеодон инисин таанышкан. Алардын айтымында жаш жигит нааразычылык акциясына кокустан туш болуп калган.

Свердлов райондук сотунун чечими менен Тилекберди уулу Азиз №21 күзөтүү мекемесине 2 айга камакка алган.

Булак: 24кж.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь