Улуттук банк интервенция жүргүзүп, 53 млн доллар сатты

177

Кыргызстандын Улуттук банкы 10-мартта валюталык интервенция жасап, 53,7 млн АКШ долларын (анын 4 миллиону нак акча түрүндө) сатыкка чыгарды. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтында айтылат.

«Учурда өлкөнүн валюта базарында абал туруктуу. Эл аралык резервдин көлөмү жетиштүү деңгээлде жана товардын импортунун беш айлык келечек көлөмүн жаап турат. 9-мартка карата эл аралык резерв 2 млрд 428,26 млн долларды түзүүдө», – деп билдирди Улуттук банк.

2020-жылдын башынан бери Кыргызстандын Улуттук банкы 140,2 млн долларды интервенция кылды.

10-мартта Кыргызстанда доллар дароо кымбаттады. Өлкөдөгү коммерциялык банктардын расмий сайттарындагы маалыматка караганда, бир доллардын курсу дээрлик үч сомго жогорулады.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь