Ысык-Көлдө окуучуну зордуктоого аракет кылган кишини айылдыктар ташбараңга алышты

566

Ысык-Көл районунун Кашат айылында 51 жаштагы киши 12 жашар кошуна кызды зордуктоого аракет кылган.

Милициянын маалыматында, окуя 5-март күнү болжол менен саат 14.00дө болгон. Кошунасы мас абалында келип, үй ээсинин 12 жаштагы кызын чечинтип, зордуктоого аракет кылып жаткан учурда, кыздын атасы үйүнө кирип калган. Жабыркаган кыз 4-класста окуйт.

Жергиликтүү жашоочулар дароо чогулуп, бачабазды бакка таңып, ташбараңга ала башташкан. Бул учурда айыл аксакалдары келип жаштарды токтотуп, милиция чакырышкан.

1969-жылы туулган Жекшен аттуу шектүү соттун чечими менен 2 айга Караколдогу убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кармалган зөөкүрдүн уулу окуя болгонго чейин эки жума мурда айылдан жылкы уурдап, жергиликтүү базарга алып барып сатып жиберген. Ал дагы Караколдун СИЗОсунда кармалууда.

 

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь