ӨКМнын куткаруучулары көмүр шахтасындагы кооптуу кырдаалды алдын алды

116

Куткаруучулар Сүлүктү шаарындагы көмүр кендеринин биринде газ чыгып, өзгөчө кырдаалдар түзүлгөн кооптуу аймакты жөнгө салышышты.

ӨКМнын маалыматына караганда, окуя 10-мартта катталган. Куткаруучулар «Ибрагимов» шахтасына тосмо орнотуп беришкен. Жалпысынан 10 куткаруучу тартылган.

5-мартта Сүлүктүдөгү «Узун-Сай» ишканасында адистер өрттү өчүрүп, газ чыккан жерге тосмо орнотушкан.

Мамлекеттик экотехинспекциянын маалыматына караганда, 2018-жылы Кыргызстанда тоо-кен тармагындагы ишканаларда 20 кырсык катталып, жети жумушчу каза тапкан, 13ү оор жараат алган. 2019-жылдын октябрына чейин алты кырсык катталып, үч жумушчу каза тапкан жана үчөө оор жараат алган. Ошол эле жылдын 10-декабрында Сүлүктү шаарындагы шахтада газга ууланып төрт киши каза болгон.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь