Автобекеттин алдынан табылган 4 жашар бала апасына өткөрүлүп берилди

171

Шаардык милиция кызматкерлери жоголуп кеткен баланы таап, апасына алып келип беришти. Бул тууралуу Свердлов РИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

11-март күнү болжол менен 16:44төр чамасында милицияга төрт жаш курагындагы бала автобекетте адашып жүргөндүгү тууралуу чалуу түшкөн. Айтылган жерге барган милицияынын патрулдук кызматкерлери Жибек Жолу преспектиси менен Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишинде адашып жүргөн баланы табышкан.

Кичинекей бала дарегин айта алган эмес. Аны Свердлов райондук ИИБине алып барышып, өспүрүмдөр менен иштөөчү инспекторго дарегин аныктоо үчүн өткөрүп беришкен.

Болжол менен 18:30дарда “102” кызматына А.А атту жарандан 2016- ылы туулган баласы жоголгону тууралуу кабар түшкөн. Айымдын айтымында бала эжеси менен Аламүдүн базарына баратып, башка жолго түшүп кеткен. Бардык документтерин текшерген соң милиция кызматкерлери баланы апасына кайтарып беришти.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь