Аксыда окуучусу сабалган мектептин директору жана мугалими иштен алынды (Видео)

389

Аксыда бир окуучуну бир нече бала ур-токмокко алган окуяга байланыштуу Асанбек Кабаев орто мектебинин директору жана социалдык педагогу жумуштан алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдирди.

Окуя 2020-жылдын 6-февралында Аксы районундагы №5 Асанбек Кабаев орто мектебинин аймагында катталган. 9-класстын 6 окуучусу ушул эле класстын башка окуучусун сабашкан. Сабалган өспүрүм ооруканага кайрылган, учурда окуусун ошол мектепте улантууда.

Аксы райондук билим берүү бөлүмүнөн кабарлашкандай, окуядан кийин Асанбек Кабаев орто мектебинин социалдык педагогу жумуштан алынган.

Мектептин директору Шабданов Кененбай өзүнүн функционалдык милдеттерине жоопкерчиликсиз мамиле жасап, зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча окуучуларга түшүндүрүү иштерин жеткиликтүү жүргүзбөгөндүгү үчүн ээлеген кызматынын бошотулду.

Министрлик аталган мектептин ата-энелери, жергиликтүү коомчулук, мектеп мугалимдеринин биргелешип иштөөсүнүн зарылдыгы боюнча  тапшырмаларды берди. Аксы райондук билим берүү бөлүмү тарбиялык иштерди күчөтүү, комплекстүү иш чараларды иштеп чыгууга милдеттендирилди.

Это форменный беспредел! Деградация общества с малых лет! Данный случай должен быть тщательно и подробно расследован. Директора школ, учителя, руководство местной милиции вплоть до акима района должны быть отстранены от занимаемых должностей! Власть должна действовать жестко и показательно. Нужно довести до каждого уголка нашей страны о недопустимости такого беспредела. Все дети школ должны понимать что это низко, тупо и позорно! Как гражданин страны требую немедленной реакции на уровне правительства и всех соответствующих официальных органов страны. Необходимо выяснить где было снято видео и выяснить этих детей. Это действительно крайне важно для страны, для каждого из нас!

Опубликовано Ilim Karypbekov Среда, 11 марта 2020 г.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь