Атактуу актер Том Хэнкс жана жубайынан коронавирус аныкталды

134

Америкалык актер Том Хэнкс жана анын жубайы Рита Уилсон коронавирус жуктуруп алышты. Бул тууралуу артист өзүнүн Twitter баракчасына жазган.

Өзүнүн айтымында, алар Австралияда жүргөндө COVID-2019 симптомдорун сезишкен. Түгөйлөр саламаттыгы үчүн анализ тапшырууну чечишип, натыйжада коронавирус аныкталган.

Алар карантинге алынып, текшерүүдөн өтүшөт.

Белгилүү болгондой Хэнкс Квинсленд штатында Элвис Преслинин жашооу тууралуу тасманын үстүндө иштеп жаткан.

Акыркы маалыматтар боюнча Австралияда коронавирус жуктургандардын саны 128 кишиге жеткен.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь