Бишкекте судья 2 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды

713

Бишкекте Биринчи май райондук сотунун судьясы пара алуу боюнча шек менен кармалды. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы (Финансы полициясы) билдиргендей, 12-мартта ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында судья Максат Орозбакова 2 миң доллар пара алып жаткан жеринен колго түшкөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча судья жарандык ишти оң жакка чечип бермекчи болгон.

37 жаштагы Максат Орозбакова 2018-жылдан бери судья болуп иштеп келген.

 

Комментарии

  1. Ушундай судьялар менен кантип Кыргызстанды ондойбуз. Четинен камаш керек. Адилет соттор жок.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь