Дастан Бекешов: Дүйнөлүк экономикалык кризис башталды. Биз ашыкча чыгымдардан арылышыбыз керек

233

Азыркы учурда коронавирус илдети 118 өлкөгө жайылганы белгилүү болду. Ошонун айынан дүйнөлүк экономикалык кризис башталды. Кай жагыңа караба, жалаң каатчылык жөнүндө сөз жүрөт. Мындан Кыргызстан да четте калган жок. Ошондуктан, биз азыртан анын алдын алуу чараларын көрүп, өлкөнүн экономикалык абалына көзөмөлдү күчөтүшүбүз керек. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.

«Эмне кылышыбыз керек? Биринчи кезекте ашыкча чыгымдардан арылышыбыз керек! Ал үчүн мамлекеттик бюджетти балансташтырып, пайдасыз тендерлерди, жөнү жок курулуштарды токтото туруу зарыл. Ошондой эле, Өкмөт экономикалык өнөктөштөр менен соода-экономикалык алакаларды доллар менен эсептешүүнү токтотуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өз ара эсептешүүлөрдү улуттук валютага өткөрүү маселесин чечип алуусу зарыл», -деди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь