Жогорку Кеңеште окуучуларды жана студенттерди бир айга каникулга таратуу сунушталды

317

Бүгүн 12-мартта Жогорку Кеңеште коронавирустун жайылышын алдын алуу үчүн окуучуларды бир айга каникулга таратуу маселеси көтөрүлдү.

Депутат Бактыбек Турускулов студенттер менен окуучуларды мөөнөтүнөн мурда каникулга таратууну сунуштап, той-аштарды өткөрүүгө да тыюу салуу керектигин белгиледи.

Ошондой эле Тазабек Икрамов республика боюнча билим берүү мекемелерин 1 айга жабууну сунуштады. Ал коронавируска карата күрөштү күчөтүүнү айтты.

Эске салсак, быйыл жазгы каникул 21-марттан 30-мартка чейин уланарын билим берүү жана илим министрлигинен билдирген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь