Иса Өмүркулов: Дары-дармектин баасы ай сайын эмес, жума сайын өсүүдө

165

Кыргызстанда дары-дармектердин баасы ай сайын эмес, жума сайын өсүүдө. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Иса Өмүркулов айтты.

Ал билдиргендей, Өкмөт бул маселени кризиске каршы программасына кирип, катуу көзөмөлгө алуусу керек.

“Коронавирус деген коркунучтар турат деген мезгилде, бизге дарыларды жеткирип турган компаниялар учурдан пайдаланып байып жатышат. Муну өкмөт көзөмөлгө алып жатабы? Ар бир дарыканаларда баалар ар кандай, ал эми мөөнөтүн айтпай эле коёюн. Көбү мөөнөтү өтүп кеткендер дагы болушу мүмкүн. Баасы бюджеттен акча алгандар үчүн өтө кымбат”,- деди эл өкүлү.

Мындан тышкары, азык-түлүк рыногунда баалардын өсүшүнө Өкмөт ыкчам чара көрүүсү керек деди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь