Кытайда кыргызстандык кыз бийик кабаттан кулап кетти

252

Кытайда кыргызстандык кыз коронавирустан улам көп кабаттуу үйдөн секирип кетти делген маалыматты Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги төгүндөдү.

6-мартта саат 09:20лар чамасында 1996-жылы туулган З.А. аттуу Кыргызстандын жараны ар кандай жаракат менен Иу шаарынын ооруканасына түшкөнүн Пекиндеги элчилик Кытайдын медициналык мекемесинин администрациясына таянып билдирди. Белгилүү болгондой 24 жаштагы кыз экинчи кабаттагы ачык турган балкондон кокустан кулап кеткен.

Мындан улам аталган окуянын эч кандай коронавируска байланышы жок деп маалымдайт ТИМден.

Медициналык жайдын администрациясы, кыргызстандык кызды мекенине которууну сунуштаган жок. Себеби бул процесстер анын абалына терс таасирин берип, ден-соолугунун калыбына келүүсүнө зыяны тиет деди. Учурда кыз күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь