Ошто күйөөсүн арматура менен башка чаап өлтүргөн келин соттолду

466

Ошто күйөөсүн арматура менен чаап өлтүргөн келин 9 жылга эркинен ажыратылды. 1991-жылы туулган келин “Адам өлтүрүү” беренесинин негизинде соттолду.

Иштин материалында көрсөтүлгөндөй, соттолуучу 1973-жылы туулган У.И. аттуу күйөөсүн темир нерсе менен башка бир нече жолу чапкан. Эркек киши ооруканага оор абалда түшүп, эсине келбей кайра жандандыруу бөлүмүнөн үзүлгөн.

19-ноябрда жолдошу үйүнө келип, бутун чечип жатканда аны аялы арматура менен башка урган. Күйөсү жатып калганда, аял өзү тез жардам кызматын чакырып, ал эми милицияга үйгө канжалап келди деп жалган айтып койгон. Бирок тергөөдө аялы чаап өлтүргөнү аныкталып, батирден далил буюмдар алынган.

4-мартта Ош шаардык соту айыпталуучуну күнөөлүү деп таап, аны 9 жылга кести. Ошондой эле 90 миң сом айып пул салды.

2014 жана 2015-жылы туулган эки баласы Ошто социалдык камкордукка алынды.

Эске салсак, 2019-жылы ноябрь айында күйөөсүн өлтүргөн аял Ош облусунун Алай районунда каза болгон күйөөсүн жоктоп, боз үйдө ыйлап отурган жеринен кармалган.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь