Ошто сот аткаруучу 50 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды (видео)

232

ИИМдин Криминалдык милиция кызматына Аймактар аралык башкармалыгына 30 жаштагы А.Б. аттуу жарандан арыз келип түшүп, анда Ош облусунун райондук сотунун сот аткаруучусу алиментке байланыштуу маселени чечип берем деп 50 000 сом акча каражатын талап кылып жаткандыгы жана ага карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган.

Аталган факты боюнча топтолгон материал КЖБРге катталып, ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) тарабынан “Опузулап пара алуу” беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш башталган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын жана атайын операциялар отрядынын кызматкерлери менен биргеликте ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 10-март күнү райондук соттун сот аткаруучу кызматкери талап кылган акча каражатын накталай алып жаткан жеринен кармалган. Анын иш бөлмөсүн тинтүү учурунда башында белгиленген 50 000 сом акча каражаты табылган. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь