Си Цзиньпинь өзү Уханга барды. Коронавирусту жеңген дарыгерлер бет каптарын чечишти (видео)

388

Дарыгерлер жана медайымдар Уханда өздөрүнүн ийгилигин майрамдап жатышат. Алар медициналык бет кабын кубануу менен чечип видеого тартылышкан. Коронавирустун очогу чыккан жердеги убактылуу ооруканалар жабылды, жаңы салынган медициналык жайдагы бейтаптар айыгышкан.

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин өзү коронавирус чыккан шаарга келип, жашоочуларга жана кызматкерлерге ыраазычылыгын билдирди. Акыркы бир суткада өлкөдө коронавирус жуктурган 24 гана учур катталган.

Вирус тараган убакыттан бери убактылуу госпиталдар 12 миңдей оорулууну кабыл алып, аларды 8 миңдей дарыгер тейлеген. Учурда медициналык кызматкерлерди соцтармактын колдонуучулары чыныгы баатыр деп баалашууда.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь