Сүйгөн кызы үчүн Бишкектен Воронежке учуп кеткен жигит дайынсыз болууда

443

Кыргызстандан сүйгөн кызына баруу үчүн Воронежке кеткен 22 жаштагы Денис Минеев изделүүдө. Бул тууралуу Орусиянын басылмасы жазды.

Ал 22-январда Бишкектен Воронежке учуп кеткен. Ошол бойдон дайынсыз. Денис Кыргызстандан чыгып кеткен бойдон жакындары менен байланышка чыккан эмес.

“Анын апасы абдан санааркап жатат” дейт Денистин досу Виктор. Виктордун айтымында досу социалдык тармактар аркылуу Воронежде жашаган кыз менен таанышкан. Жаштар алгач сүйлөшүп жүрүшкөн. Кыздын жолдошу бар болгон, бирок күйөсү ажырашууга макул болбой жаткан имиш.

“Досумдун айтып берүүсү боюнча ал Олеся экөөнүн мамилесин чыңдоо максатында Воронежке сапар алган. Эми минтип андан кабар жок болуп жатат”,- дейт Виктор.

Жаш жигиттин белгилери: бою 175 см, чачы кара. Денисти көрүп билгендер болсо апасына кабарлап коюңуздарды өтүнүшөт. WhatsApp +996552100991 (Элла).

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь