Талас шаарында коомдук автотранспорттор дезинфекцияланды

218

Саламаттык сактоо министрлигинин көрсөтмөсүнө ылайык, өлкөбүздүн бардык аймактарында коронавирустук инфекциянын республикага жайылышына каршы зарыл болгон чаралар көрүлүүдө.

Жугуштуу оорулардын, анын ичинде коронавирустук инфекциянын алдын алуу максатында Талас райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык борбору шаар ичинде жүргүнчүлөрдү ташууну камсыздаган  жеке жана муниципалдык автотранспорт мекемелеринин авто унааларын дезинфекциялык тазалоодон өткөрдү. Бүгүнкү күнгө карата бардыгы болуп 70 маршруттук такси жана 1 автобус дезинфекцияланды.

Ошондой эле, 13-мартта жергиликтүү базарлар жана мечиттер  санитардык дезинфекциялоодон өткөрүлөт.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь