УКМК Фарид Ниязовдун айыптоосун негизсиз деп атады

121

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткан Фарид Ниязов жоопкерчиликтен качып, коомчулукту адаштыруу аракетин көрүп жатат деп эсептейт. Мекеменин басма сөз кызматы 12-мартта ушундай билдирүү таратып, Ниязов тартип коргоо органдарын жаманатты кылып, иликтөөнүн жыйынтыгына саясий өңүт берип, мурдагы президент «Алмазбек Атамбаевдин жана анын тарапкерлеринин мыйзамсыз иштерин актоо» аракетин көрүп жатат деп айыптады.

Кой-Таш окуясы учурунда УКМК кызматкерлери чыныгы ок эмес, атайын каражаттарды гана колдонууга мажбур болгонун билдирген атайын кызмат мунун баары видеоматериалдар менен тастыкталарын белгиледи.

«Ниязовдун УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев «Альфанын» жоокерлерине Атамбаевдин үйүнөн чыгып кетүүгө уруксат бербей, аларды кооптуу абалда калтырганы тууралуу айыптоолору таптакыр негизсиз» деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

11-мартта Ниязов «Альфанын» офицеринин өлүмү жана башка жоокерлеринин ур-токмокто калышы үчүн Опумбаевди айыптаган. Ал Ички иштер министрлигинин (ИИМ) көптөгөн тажрыйбалуу тергөөчүлөрү бул иш эртедир-кечтир кайра каралып чыгарына, азыркы тергөөчүлөр жоопко тартыларына көзү жеткендиктен тергөөдөн баш тартып коюшканын билдирген.

Булак: Азаттык

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь