“Чоң балдарга кошулбай биз менен чогуу жүр”деп сабашкан. Милиция Аксыдагы окуя боюнча жооп берди (видео)

1 323

7-февраль күнү болжол менен саат 21:00 чамасында Аксы РИИБнин нөөмөт бөлүмүнүн 102 телефон номуруна Аксы аймактык оорукананын дарыгери, аталган оорукананын сынык-жараат бөлүмүнө Аксы районунун Авлетим айыл аймагынын тургуну, жаш өспүрүм 2004-жылы туулган Т.М. денесинен жараат алып, ооруканага түшкөндүгүн кабарлаган.

Бул маалымат боюнча милиция тарабынан жүргүзүлгөн алдын ала териштирүүдө, окуя 6-февраль күнү саат 13:30 чамасында Авлетим айылындагы №5 А.Кабаев орто мектебинин жанында курулуп жаткан спорт залдын ичинде өзүнө теңтуш 9-класста окуган 6 бала “Чоң балдарга кошулбай биз менен чогуу жүр” деп сабап койгондугу такталган. Ошондой эле окуя боюнча жабырлануучунун апасы 1981-жылы туулган. О.З. арыз менен Аксы РИИБне кайрылган.

Жогорудагы окуя боюнча топтолгон материал Аксы РИИБнин КЖБРне “Бейбаштык” беренси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Өндүрүш ишинин алкагында Аксы райондук прокуратурасынын кызматкерлери менен биргеликте окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Ошондой эле окуяга тиешелүү болгон бардык шектүүлөрдүн өздүктөрү аныкталып, ата-энелердин жана социалдык педагогдордун катышуусунда суракка алынып, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлгөн.

Аталган өндүрүш иши боюнча жабырлануучунун апасы О.З. мыйзамдуу өкүлү деп табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө О.З. эч кимге арыз-доосу жок экендигин билдирип, тосмо арыз менен кайрылган. Бирок Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси боюнча тосмо арыз канааттандыруудан баш тартылган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында соттук-медициналык экспертизанын корутундусу чыгарылып, соттун кароосуна жиберүү алдында турат.


Белгилей кетүүчү жагдай, социалдык тармактарга тараган видеодогу “Таасирлүү адамдар ортого түшүп, ишти жаап салышкан” – деген пикир чындыкка дал келбейт жана милиция бул ишти толук кандуу, объективдүү жана ар тараптуу текшерүүгө алып аягына чыгарат деп билдирет 
Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы.

Это форменный беспредел! Деградация общества с малых лет! Данный случай должен быть тщательно и подробно расследован. Директора школ, учителя, руководство местной милиции вплоть до акима района должны быть отстранены от занимаемых должностей! Власть должна действовать жестко и показательно. Нужно довести до каждого уголка нашей страны о недопустимости такого беспредела. Все дети школ должны понимать что это низко, тупо и позорно! Как гражданин страны требую немедленной реакции на уровне правительства и всех соответствующих официальных органов страны. Необходимо выяснить где было снято видео и выяснить этих детей. Это действительно крайне важно для страны, для каждого из нас!

Опубликовано Ilim Karypbekov Среда, 11 марта 2020 г.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь