9 жаштагы балага чогултулган акчаны туугандары алып кетишти (сүрөт)

310

Өгөй атасынын колунан бычакталган 9 жаштагы баланын абалына кайдыгер эмес кыргызстандыктар акчалай жардам беришти. 11-март күнү “Балдардын укугун коргоо Лига” коомдук фондуна баланын улуу эжеси жана агасы кайрылган. Ошондой эле тайэжеси жана башка жакын туугандары баланы дарылоодо жардам керек экенин айтышып, чогултулган акчаны сурашкан.

Бул тууралуу аталган фонддун башчысы Назгүл Турдубекова билдирди.

Жабыркаган баланын жакындары кыйын кырдаалда кол сунган жакшы адамдарга ыраазычылыгын билдиришкен.

Буга чейин ооруканада жаткан балага жардам берүү үчүн атайын эсеп ачылган. Бирок кийинчирээк эсеп жабылып, баланын атасы тарабынан туугандары акчаны кайра ээлерине кайтарып берүүнү өтүнүшкөн. Жарандар соопчулукка берген акчасын алуудан баш тартышкан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь