Чүй облусунун Беловодск айылындагы темир жолдон поезд кичи автобусту сүзүп кетти. Бул тууралуу Элдик медиага Таластан келе жатып күбө болгон жүргүнчү билдирди. Ал кырсыктын жеринен тартылган видеоcун жиберди. Окуя бүгүн 13-мартта кечке маал катталган.

ӨКМден билдиргендей поезд эл ташып бараткан кичи автобус менен кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен бир канча жүргүнчү кысылып, бир аял каза болду. ӨКМдин куткаруучулары аларды чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. 12 жүргүнчү ар кандай жаракаттарды алышып, Москва райондук ооруканасына жаткырылган. Кырсыктын чоо-жайы териштирилүүдө.

 

Макала жактыбы?

НетДа
3
6
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 872