Вице-спикер Касымалиева жана депутат Дюшалиев үй карантинге алынды

561

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева жана депутат Абдыбек Дюшалиев үй карантинине алынды. Алар бүгүн түнү Германиядан учуп келишкен, аталган өлкөгө немис парламентинин чакыруусу менен барышкан.

“Өзүмдү жакшы сезип турам. Бул сапар пландалган болчу, андан баш тартууга мүмкүн болгон жок. Саламаттык сактоо министрлиги менен кеңешип, бардыгы жайында болгон. Биз Абдыбек Дюшалиев экөөбүз кийинчирээк келишибиз керек эле, бирок Кыргызстанга эрте эле кайтууну чечтик. Бизди Германиядан коронавируска карата текшеришти. Стамбулдун аэропортунан текшеришкен жок. Белгилей кетсем, Бишкекке келгенде бизди абдан дыкат текшерүүдөн өткөрүштү. Кабыл алынган эрежеге ылайык бизди 14 күнгө үй обсервациясына алышты. Бул убакыт аралыгында үйдө отуруп иштейм”, -деп айтып берди вице-спикер.

Ал эми коронавируска карата тапшырган анализдин жыйынтыгы бүгүн 13-март кечинде даяр болорун белгиледи.

Мындан тышкары коштоп келгендер дагы 14 күнгө карантинге алынганын кошумчалады.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь