Казакстан парламентинин Сенатынын Төрайымынын Кыргызстандагы расмий иш сапары жылдырылды

159

Казакстан парламентинин Сенатынын Төрайымы Дарига Назарбаеванын 16-17-мартка мерчемделген Кыргызстандагы расмий иш сапары кийинкиге жылдырылды. Мындай чечим Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков менен Дарига Назарбаеванын телефондук сүйлөшүүсүнөн кийин кабыл алынды.

Парламент жетекчилери Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнө жүзү боюнча коронавирус пандемиясын жарыялагандыгынан улам боордош эки өлкөдө илдеттен сактануу багытында көрүлүп жаткан чараларга ылайык пландалган сапарды жылдыруу керектигине токтолушту. Ошондой эле бир тууган эки элдин саламаттыгын тилөө менен калыптанган достук мамилени өнүктүрүү багытында сүйлөшүштү.

Мындан тышкары, телефондук баарлашууда эки мамлекет ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштардын учурдагы абалы талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты жигердүү улантуу зарылчылыгы белгиленди. Ошону менен бирге депутаттык достук топторунун деңгээлинде да тыгыз кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу сөз болду.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь