“Чоң-Капка” бекетинен Кыргызстандан Казакстанга беткапты аткезчилик жолу менен алып бара жаткан кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, “Чоң-Капка” бекетинде “VOLVO FM12” унаасын башкарган 1987-жылкы И.К,, аттуу кыргыз жаранын текшерүү учурунда кургатылган жемиштер салынган каптарга катылган беткаптар табылган. Анда тиешелүү документтери жок 95 миң 600 даана беткап аныкталган.

Кармалган товардын жалпы суммасы 1 млн 400 миң сомдон ашкан.

Тиешелүү документтер түзүлгөндөн кийин айдоочу жана жүк Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилген.

Медициналык дары-дармектер жана каражаттарды алты айга чейин Кыргызстандан алып чыгууга тыюу салынган.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 58