Бишкек шаарынын Жибек жолу проспектиси жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинен жаш бала табылды. Ал көчөдө чоңдордун көзөмөлүсүз өзү жалгыз жүргөн. Бул тууралуу 13-мартта Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору 12-мартта саат 14:30дар чамасында жашы 5-6га чыгып калган баланы табышкан. Ал жакшы сүйлөй албагандыктан, ата-энеси, жашаган жери тууралуу айта алган эмес.

Милиция кызматкерлери баланын курсагын тойгузуп, Балдарды калыбына келтирүү борборуна тапшырган.

Учурда Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы баланын өздүгүн жана жашаган жери менен ата-энесин тактоодо .

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 42