Ошто журналист капотко жатып тоскон инспекторду сүздүрө айдады (видео)

388

Видео: “Акипресс”

12-мартта Ош шаарындагы Гапар Айтиев көчөсүндө шаардык жол кыймылын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспектору Бексултан Ташкулов менен саясий партиялардын биринен шайлоого аттанып жаткан журналист Жылдыз Бекбаеванын ортосунда пикир келишпестик жаралды. Ал тиешелүү органдарга арызданганы жатат. Жол инспектору Бекбаеванын үстүнөн арыз жазып, тергөө башталды.

Ош шаардык ЖКККБдан билдиргендей, Бекбаева «BMW» үлгүсүндөгү автоунаасын уруксаат берилбеген жерге токтоткон. Ошол учурда жол инспектору андан унааны алууну өтүнүп, документтерин сурайт. Бирок Бекбаева баш тартып койгон.

“Документтерди бербей айдап жөнөгөндө инспектор автоунаанын алдына туруп алган. Айдоочу унааны аркага, кайра алдыга, тактап айтканда кызматкерди көздөй айдаган. Машинасы менен жол тескөөчүсүн бир сүзгөндө ал капотко жыгылып, жармашып калат. Дагы капоттун үстүндө төрт метр алдыга айдаган. Анан ошол жердеги адамдар токтотуп калыптыр. Эл токтотуп калгандан кийин кызматкердин мойнуна асылып, аймаганга чейин барган”, -деди Рашид Сыдыков.

Учурда иш тергөөгө өттү. Ал эми Жылдыз Бекбаева менен пикир келишпестикке барды делген Ош шаардык жол кыймылын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн тескөөчүсү Милициянын старшинасы Бексултан Ташкулов милицияга арыз жазды.

Жылдыз Бекбаева менен байланышканыбызда ага ЖККК тараптан үч күндөн бери куугунтук болуп жатканын айтып, окуяны мындайча негиздеп берди:

«Кызымдын концертине кетип жатып гүл саткан дүкөнгө 1 мүнөткө токтодум. Эреже боюнча 5 мүнөткө чейин токтогонго мүмкүн. Гүлдү алдым, кайра келип машинама отурдум. Айдаганы жатсам тиги бала (ред-жол инспектору) келди. «Иним, башка күнү сүйлөшөлү, мен азыр кызымын концертине кечигип жатам»деп жүрөйүн десем жүргүзбөйт. Машинанын алдына туруп алды, аркага айдасам капоттун үстүнө жатып алды. «Мейли машина сенде калып турсун» деп кетип баратсам, колуму кайрып эч жака кетпейсиз деп жатпайбы. Эмнеге колуму кайрып жатканын сурасам, «асылыңыз мага, чиними жулуңуз, тытасызбы эми»дейт. Ушул да сөзбү? Теңелбей машинага отуруп, ЖКККнын башчысына чалдым. Болгон окуяны айтып берсем, опер топ бара турганын, кызматкерлери менен өзү сүйлөшүп коё турганын айтты. Ага болбой алар артыман кубалашты. Мени тимеле уюшкан кылмыштуу топтун адамындай кылып артыман түшүп алышты. Бул биринчи күн эмес, эки-үч күндөн бери ушунтип жүрүшөт».

Бекбаева окуяны видеого тартканга үлгүргөн эмес. Ал эч кандай жол эрежесин бузбаганын белгиледи. Ошондой эле жол тескөөчүнүн үстүнөн Коопсуздук кеңешине арызданганы жатат.

«Азыр мени ушак кылып, «мени сүдүрөттү» деп доо коюп жатат. Кайсы жерде болбосун күнөөсүн мойнуна коюп берем. Атайын күнөөлөп жатат. Менин ордумда эркек киши болгондо жол инспектору андай кылбайт болчу. Себеби бир жерде болбосо башка жерде ага жообун берерин билет. Колунан эмне келет деп жатат да»,- дейт Бекбаева.

Ош шаардык милициясы фактыны кылмыштарды жана жооруктардын бирдиктүү реестерине «Жол унаа кырсыгы» катары каттады. Милициянын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдиргендей, окуя боюнча жаңы жагдайлар белгилүү болсо, берене өзгөртүлөт.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатканы менен суракка Жылдыз Бекбаева келген эмес.

Булак: “Т-Медиа”

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь