12-мартта Баткен облустук мусулмандар казыяты Баткен шаарындагы борбордук «Нуьмани» мечиттинде өлкөбүздүн тынчтыгын, элибиздин амандыгын, ар кандай балээ-апааттардан сактоосун Жараткан Алла Тааладан тилеп, түлөө өткөрдү.

Иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин түштүк аймагы боюнча кеңешчиси Махманаби ажы Арзыкулов Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов   казыят кызматкерлери жана шаардын аймагындагы мечит имамдары, аксакалдар катышты.

Ошондой эле бул күнү Ош облусунун мусулмандар казыятында дагы түлөө өткөрүлүп, дуба кылынды.

Анда 1 бодо мал союлуп, эти жетим-жесирлерге, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жана жергилктүү жамаатка бөлүнүп берилип, жеринде таратылды.

Эл журтубузду ар кандай оорулардан, апаат-кырсыктардан сактоо максатында өткөрүлгөн түлөөгө Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин каары Атабаев, Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Ниязалы ажы Арипов, ОшМУнун теология факультетинин деканы Зайнабидин Ажимаматов, райондун баш имам хатибтери, аскалдар жана жергиликтүү жамаат катышты.

«Ислам дининде садака берүүнүн сообу эбегейсиз жана ошол садака ар кандай балээлерден коргойт. Биздин ата-баларыбыз Жараткандан ар кандай жамандыктан, кырсыктардан, өлүмдөрдөн сактап ооруларга шыпаа болсун деп, кан чыгарып түлөө өткөрүп келишкен. Жараткан Аллах бардык адамзаттын кылган күнөөлөрүн кечирип, эл-журтубуздун тынчтыкта, амандыкта, бактылуулукта жашоосун насип кылган болсун», — деди Самидин кары Атабаев.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 37