Жалал-Абад ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын опер кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, Токтогул районунан “А” аттуу жаран баңгизатын мыйзамсыз сатып жүрөт деген ыкчам маалымат алынган.

Аталган маалыматтын негизинде, 11-март күнү Токтогул районунун Үч-Терек айылынан өтүүчү Бишкек-Ош жолунун жээгинен ири өлчөмдө баңгизатын мыйзамсыз сатып жаткан жеринен Токтогул районунун тургуну 1983-ж.т. Т.З. кармалып, жанынан 10 (он) даана скотчко оролгон абалда болжол менен 4 кг 633 граммды түзгөн наркотикалык баңгизатка окшогон каражат видео тасмага тартылып, тийиштүү кагаздардын негизинде оозу печатталып алынган.

Аталган факты Токтогул РИИБдин КЖБРне катталып, КРнын Жазык кодексинин 267-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү Т.З. баңгизатын өзүнүн айылдашы Токтогул районунун тургуну 1965-ж.т. Т.Ж.дан алгандыгын билдиргендиктен, анын жашаган үйүнө кечиктирилгис тинтүү иштери жүргүзүлүп, даярдоого керектүү болгон далил буюмдар алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Кылмышка шектүү жарандар КРнын ЖПКнын 98-беренесинин негизинде Токтогул РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 41