Иллюстрациялык сүрөт

Сауд Арабияга умрага барып, ал жактан чыга албай калган 651 жаран Кыргызстанга кайтып келип, үй карантинине киргизилди. Бул тууралуу коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынында Тышкы иштер министрлигинин өкүлү билдирди.

Кыргызстандан Сауд Арабияга 654 жаран барып, аба каттамдары жабылгандыктан келе албай жатышкан. 654 жарандын үчөө ошол жакта калышкан.

Сауд Аравиядан кайтып келе жаткан кыргызстандыктар Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен иш-аракеттер алгоритмине ылайык биринчи текшерүүдөн өтүшүп, үйүндө байкоого алынышат. Алардан коронавируска анализдер алынган, ошону менен бирге 14 күн бою үйлөрүнөн чыгууга, өлкө  аймагын кыдырууга тыюу салынган.

Мындан тышкары Ирандын аймагындагы кыргызстандык жүк ташуучулардын абалы чечилүүдө деп маалымдады. Кыргызстандык жүк ташуучулардын бир бөлүгү Азербайжан, Россия, Казакстан аркылуу транзиттик коридор менен өтүшмөй болду.

Кыргызстан коронавируска байланыштуу вирус катталган өлкөлөрдөн келгендерди үч категорияга бөлүп көзөмөлдөөөдө. Сауд Арабиясы үчүнчү категориядагы өлкөлөрдүн катарына кирет.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 87