Атамбаев, Кулматов, Ибраимовдун жубайлары Сапар Исаковдун уулдарын көрүштү (сүрөт)

503

Раиса Атамбаева эгиз уулдуу болгон Сапар Исаковдун жубайы Малика Арстанбековадан кабар алды. Ошондой эле төрөт үйүнө Албек Ибраимовдун жана Кубанычбек Кулматовдун жубайлары дагы келген.

Мындан тышкары Алмазбек Атамбаевдин уулдары Кадыр, Сеид жана КСДПнын саясий кеңешинин мүчөлөрү гүл көтөрүп барышкан.

Арстанбекова учурда жаңы төрөлгөн ымыракайлары менен төрөт үйүндө, куттуктап келгендер аны терезеден гана көрүштү. Ал эми Раиса Атамбаева дарыгерлер менен жолугуп, Арстанбекованын абалын сураган.

Эске салсак, Сапар Исаковдун жубайы 11-мартта эгиз уул төрөгөн.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь