29-жаштагы Андрей Ислам динин кабыл алды

281

Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Кушта айылында төрөлүп, Балыкчы шаарында өскөн 29-жаштагы орус улутундагы Сергеев Андрей 13-март күнү Ислам динин кабыл алды. Мындай чечимди Андрей  өзү кабыл алганын муфтияттан билдирет.

«Ислам дини тынчтыктын, тазалыктын, боорукерликтин, кайрымдуулуктун жана бир туугандыктын дини экендигине дагы бир жолу ынандым. Досторумдун дагы арасында мусулман балдар бар. Алар дайыма камкор мамиле кылышат»,- дейт Андрей.

Сергеев Андрей көзү азиз болгондугуна карабастан массаж жасоо боюнча билим алып, келечекте адамзат үчүн пайдасын тийгизип, алардын ден соолуктарына кам көргүсү келет.

Ал эми Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов Андрейдин ишине жана окууларына ийгиликтерди каалып, ыраазычылыгын билдирди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь