Бишкекте Сулайманкул Халбеков үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгон

321

Бишкекте милиция дайынсыз жоголгон 39 жаштагы Халбеков Сулайманкул Исмаиловичке издөө салат. Бул тууралуу агенттикке Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 5-январында милицияга С.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда жоголуп кеткен баласын табууга көмөктөшүүнү суранган. Баласы 2019-жылдын 31-декабрында болжол менен саат 22.00дө Чехов көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Кийими: “кыргыз” деген жазуусу бар кара түстөгү баш кийим, кара түстөгү спорттук бут кийим, көк джинсы. Бою болжол менен 170 см, кой көз, чачы кара түстө кыска кыркылган.

Өзгөчө белгилери: оң колунда күйүктөн калган так бар.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

“Урматтуу жарандар эгер бул адамдын жүргөн жерин же ал жөнүндө кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуздар төмөнкү номурлар боюнча кайрылып коюуңуздарды суранабыз 0552 10-23-07, 0703-10-22-61, 0312 56-60-43 жана 102”, – деп айтылат маалыматта.

Булак: Кабар.кж

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь