Вирустун жайылуу коркунучуна байланыштуу өкмөт эс алуусуз иштейт

132

Коронавирустун жайылуу коркунучуна байланыштуу өкмөт эс алуусуз иштейт. Бул тууралуу бүгүн, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкектеги маалымат жыйында билдирди.

«Мамлекеттик органдардын жетекчилери, акимдер, облус башчылары күнү-түнү жарандардын суроолоруна жооп берүүгө даяр», – деди ал.

Өкмөт башчы окуучулар эс алууга тараганын кошумчалап, аларды эл топтолгон жерлерге жөнөтпөө керектигин белгиледи. Анын айтымында, бул ооруну тартип, адистер бекиткен эрежелер аркылуу жеңсе болот.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь