Дааватка тыюу салынды. Муфтият коронавируска каршы чараларды жарыялады

496

Аалымдар Кеңешинин чукул жыйыны өтүп, учурдагы кырдаалга жараша бир катар чечимдер кабыл алынды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, муфтият мечиттерди жана башка жайларда диний, маданий өңүттөгү массалык иш чараларды, окуу кружокторун, конференцияларды, семинарларды убактылуу токтотууну сунуштайт.

“Жума намазга чейинки баяндарга убактылуу чектөө киргизилип, зикир жана дубалар кыска окулсун. Сыркоологон адамдарга жана ден соолугу начар карыяларга мечитке келбей турсун”, — дейт муфтият.

Андан тышкары, даават иштери боюнча тиешелүү чектөөлөр киргизилип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, мечиттер жана диний окуу жайлар тез-тез дезинфекциялоодон өткөрүү каралат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь